18:54
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

COVID-19. Бир суткада 142 кишиден вирус аныкталып, 4 киши каза болду

Кыргызстанда 1-сентябрга карата коронавирус дагы 142 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 70, Ош шаарында — 1, Чүй облусунда — 18, Талас облусунда — 1, Нарын облусу — 6, Ысык-Көл облусунда — 35, Жалал-Абад облусунда — 1, Баткен облусунда 10 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 290 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 64, Ош шаарында — 3, Чүй облусунда — 49, Ош облусунда — 11, Талас облусунда — 12, Нарын облусунда — 23, Ысык-Көл облусунда — 75, Жалал-Абад облусунда — 29, Баткен облусунда — 24 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек жана Чүй облусунда экиден бейтап каза болгон.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 1 миң 36 бейтап, амбулатордук түрдө 795 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 6 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 6 миң 783 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 6 миң 494 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 175 миң 876 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 170 миң 67 киши айыгып чыкса, 2 миң 532 адам каза болду.

Эң көп окулган жаңылыктар