21:33
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

COVID-19. Бир суткада 196 кишиден вирус аныкталып, 4 киши каза болду

Кыргызстанда 27-августка карата коронавирус дагы 196 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 65, Ош шаарында — 2, Чүй облусунда — 33, Ош облусунда — 7, Талас облусунда — 10, Нарын облусу — 5, Ысык-Көл облусунда — 36, Жалал-Абад облусунда — 26, Баткен облусунда 12 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 386 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 168, Ош шаарында — 3, Чүй облусунда — 76, Ош облусунда — 3, Талас облусунда — 4, Нарын облусунда — 16, Ысык-Көл облусунда — 83, Жалал-Абад облусунда — 20, Баткен облусунда — 13 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте 3, Ысык-Көл облусунда бир бейтап каза болгон.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 1 миң 184 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 481 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 8 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 6 миң 756 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 6 миң 442 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 175 миң 9 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 168 миң 398 киши айыгып чыкса, 2 миң 507 адам каза болду.

Эң көп окулган жаңылыктар