14:51
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

COVID-19. Бир суткада 269 кишиден вирус аныкталып, 5 киши каза болду

Кыргызстанда 18-августка карата коронавирус дагы 269 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 114, Ош шаарында — 4, Чүй облусунда — 73, Ош облусунда — 14, Талас облусунда — 15, Нарын облусу — 7, Ысык-Көл облусунда — 27, Жалал-Абад облусунда — 15 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 534 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 190, Ош шаарында — 4, Чүй облусунда — 74, Ош облусунда — 21, Талас облусунда — 18, Нарын облусунда — 10, Ысык-Көл облусунда — 98, Жалал-Абад облусунда — 59, Баткен облусунда — 60 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте жана Чүй облусунда 1, Иысык-Көл облусунда 3 бейтап каза болгон.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 1 миң 823 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 894 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 4 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 6 миң 689 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 6 миң 324 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 172 миң 937 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 164 миң 344 киши айыгып чыкса, 2 миң 462 адам каза болду.

Эң көп окулган жаңылыктар