13:28
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

COVID-19. Бир суткада 996 кишиден вирус аныкталып, 13 киши каза болду

Кыргызстанда 28-июлга карата коронавирус дагы 996 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 603, Ош шаарында — 9, Чүй облусунда — 126, Ош облусунда — 26, Талас облусунда — 12, Нарын облусунда — 14, Ысык-Көл облусунда — 56, Жалал-Абад облусунда — 92, Баткен облусунда — 58 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 1 миң 723 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 1 миң 213, Ош шаарында — 68, Чүй облусунда — 184, Ош облусунда — 54, Талас облусунда — 9, Нарын облусунда — 19, Ысык-Көл облусунда — 28, Жалал-Абад облусунда — 79, Баткен облусунда — 69 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте 8, Чүй облусунда 3, Ысык-Көл облусунда 2, Жалал-Абад жана Баткен облустарында бирден бейтап каза болгон.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 3 миң 928 бейтап, амбулатордук түрдө 12 миң 528 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 24 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 6 миң 378 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 5 миң 685 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 160 миң 85 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 140 миң 39 киши айыгып чыкса, 2 миң 288 адам каза болду.

Эң көп окулган жаңылыктар