05:26
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Дагы 94 ооган аскери Тажикстанга кире качты

4-июлда Ооганстандын дагы 94 аскери талибдер менен кармаш жүрүп жаткан аймактардан Тажикстанга кире качты. Бул тууралуу Тажикстандын Чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жекшемби күнү кечке маал «Талибан» кыймылы Ооганстандын Бадахшан провинциясындагы Хохон аймагын эч каршылыксыз ээлеп алган. Мындан улам ооган аскерлери Тажикстандын Шамсиддин Шохин районуна өтүп келишкен.

«Тажикстандын чек арачылары гуманизм жана ынак коңшулук принциптеринин негизинде артка чегинген ооган аскер кызматкерлерине Тажикстандын аймагына өтүүгө уруксат берди», — деп айтылат «Ховар» жаңылыктар агенттиги жарыялаган расмий маалыматта.

Ишемби күнү да тажик бийлиги Бадахшан провинциясынын түндүк-батышында кырдаал курчуганын, бир нече ооган айылы жана чек ара бекети талибдердин колуна өткөнүн, натыйжада 300дөн ашуун аскер Тажикстандын аймагына кирип келгенин маалымдаган.

Ооганстанда «Талибан» кыймылы улам бир районду ээлеп жаткандыктан, ушуну менен төртүнчү жолу ооган аскерлери коңшу Тажикстанга кире качууда. Жекшемби күнү тажик президенти Эмомали Рахмон ооган президенти Ашраф Гани менен телефондон сүйлөшүп, чек арадагы кырдаалды талкуулаганы маалым болду.

АКШ баштаган эл аралык коалиция 11-сентябрга чейин Ооганстандагы аскерлерин чыгарып кетүүнү көздөп турат.

Эң көп окулган жаңылыктар