Бир суткада 875 кишиден вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында — 640, Ош шаары — 71, Чүй облусу — 99, Ош облусу — 58, Талас облусу — 14, Нарын облусу - 17, Ысык-Көл облусу — 28, Жалал-Абад облусу — 91, Баткен облусу — 63 кишиден вирус табылды.
COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында үч, Ош шаарында жана Жалал-Абад облусунда бирден бейтап каза болду.
2020-жылдын март айынан бери 121 миң 946 киши вируска чалдыгып, 1 миң 982 бейтап көз жумду.