Бир суткада 526 кишиден вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында — 232, Ош шаары — 101, Чүй облусу — 43, Ош облусу — 63, Талас облусу — 5, Нарын облусу — 9, Ысык-Көл облусу — 25, Жалал-Абад облусу — 31, Баткен облусу — 17 кишиден вирус табылды.
COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында алты, Чүй облусунда бир бейтап каза болду.
2020-жылдын март айынан бери 109 миң 193 киши вируска чалдыгып, 1 миң 876 бейтап көз жумду.