Бир суткада 376 кишиден вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында — 283, Ош шаары — 17, Чүй облусу — 66, Ош облусу — 14, Талас облусу — 4, Нарын облусу — 5, Ысык-Көл облусу — 21, Жалал-Абад облусу — 9, Баткен облусу — 2 кишиден вирус табылды.
COVID-19 илдетинен Бишкек шаары жана Чүй облусунда үчтөн, Нарын жана Ысык-Көл облустарында бирден бейтап каза болду.
2020-жылдын март айынан бери 103 миң 583 киши вируска чалдыгын, 1 миң 781 бейтап көз жумду.