12:25
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

COVID-19. Бир суткада 200 кишиден вирус аныкталып, алтоо каза болду

Бир суткада 200 кишиден вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарында — 124, Ош шаары — 1, Чүй облусу — 37, Ош облусу - 7, Талас облусу — 5, Нарын облусу — 5, Ысык-Көл облусу — 15, Жалал-Абад облусу — 6 кишиден вирус табылды.

COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында төрт, Чүй жана Ысык-Көл облустарында бирден бейтап каза болду.

2020-жылдын март айынан бери 99 миң 845 киши вируска чалдыгын, 1 миң 687 бейтап көз жумду.

Эң көп окулган жаңылыктар