Бир суткада 379 кишиден вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында — 240, Ош шаары — 5, Чүй облусу — 103, Ош облусу — 1, Талас облусу — 2, Нарын облусу — 9, Ысык-Көл облусу — 13, Жалал-Абад облусу — 1, Баткен облусу — 5 кишиден вирус табылды.
COVID-19 илдетинен Бишкек шаары беш, Чүй жана Ысык-Көл облустарында бирден бейтап каза болду.
2020-жылдын март айынан бери 99 миң 33 киши вируска чалдыгын, 1 миң 667 бейтап көз жумду.