Бир суткада 254 кишиден вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында — 195, Ош шаары — 3, Чүй облусу — 25, Ош облусу — 1, Нарын облусу — 4, Ысык-Көл облусу — 17, Жалал-Абад облусу — 9 кишиден вирус табылды.
COVID-19 илдетинен Бишкек шаары үч, Чүй облусунда эки бейтап каза болду.
Март айынан бери 98 миң 654 киши вируска чалдыгын, 1 миң 660 бейтап көз жумду.