Бир суткада 322 кишиден вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында — 277, Ош шаары — 9, Чүй облусу — 59, Ош облусу — 6, Талас облусу — 1, Нарын облусу — 2, Ысык-Көл облусу — 15, Жалал-Абад облусу — 1, Баткен облусу — 2 кишиден вирус табылды.
COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында эки жана Чүй облусунда бир бейтап каза болду.
Март айынан бери 94 миң 599 киши вируска чалдыгын, 1 миң 592 бейтап көз жумду.