Бир суткада 247 кишиден вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында — 146, Ош шаары — 1, Чүй облусу — 79, Ош облусу — 2, Талас облусу — 2, Нарын облусу — 6, Ысык-Көл облусу — 7, Жалал-Абад облусу — 1, Баткен облусу — 3 кишиден вирус табылды.
COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында үч жана Чүй облусунда эки бейтап каза болду.
Март айынан бери 94 миң 277 киши вируска чалдыгын, 1 миң 589 бейтап көз жумду.