Бир суткада 225 кишиден вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында — 117, Чүй облусу — 82, Ош облусу - 4, Нарын облусу — 4, Талас облусу - 1, Ысык-Көл облусу — 12, Жалал-Абад облусу — 5 вирус табылды.
COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында жана Чүй облусунда бирден бейтап каза болду.
Март айынан бери 92 миң 320 киши вируска чалдыгын, 1 миң 557 бейтап көз жумду.