Бир суткада 212 кишиден вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында — 152, Ош шаары — 4, Чүй облусу — 22, Ош облусу - 2, Нарын облусу — 12, Ысык-Көл облусу — 18, Жалал-Абад облусу — 2 вирус табылды.
COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында жана Чүй облусунда үчтөн бейтап каза болду.
Март айынан бери 92 миң 095 киши вируска чалдыгын, 1 миң 555 бейтап көз жумду.