Бир суткада 139 кишиден вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында — 123, Чүй облусу — 9, Ысык-Көл облусу — 3, Нарын облусу - 1, Жалал-Абад облусу — 3 кишиден вирус табылды.
COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында бир бейтап каза болду.
Март айынан бери 89 миң 153 киши вируска чалдыгын, 1 миң 507 бейтап көз жумду.