Бир суткада 96 кишиден вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында — 43, Ош шаары — 2, Чүй облусу — 35, Ош облусу — 3, Нарын облусу — 3, Ысык-Көл облусу — 8, Жалал-Абад облусу — 2 кишиден вирус табылды.
COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында эки бейтап каза тапты.
Март айынан бери 87 миң 239 киши вируска чалдыгын, 1 миң 487 бейтап көз жумду.