Бир суткада 98 кишиден вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында — 49, Ош шаары — 1, Чүй облусу — 36, Ош облусу — 4, Нарын облусу — 2, Ысык-Көл облусу — 6 кишиден вирус табылды.
COVID-19 илдетинен каза болгондор жок.
Март айынан бери 87 миң 143 киши вируска чалдыгын, 1 миң 485 бейтап көз жумду.