«Йакын-Инкар» диний-экстремисттик кыймылынын мүчөлөрү экстремисттик көз караштардан өз ыктыяры менен баш тартты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта, Нарындын үч тургуну «Йакын-Инкар» тобунун өкүлү экенин мойнуна алышты. Алар экстремисттик кыймылдын иш-аракеттеринен мындан ары катышуудан өз ыктыяры менен баш тартышты.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда «Йакын-Инкар» уюму экстремисттик деп табылып, 2017-жылы ага тыюу салынган.