Бир суткада 57 кишиден вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында — 24, Чүй облусу — 22, Ош облусу - 1, Талас облусу — 1, Нарын облусу — 2, Ысык-Көл облусу — 6, Жалал-Абад облусу — 1 кишиден вирус табылды.
COVID-19 илдетинен Бишкекте бир бейтап каза болду.
Март айынан бери 86 миң 308 киши вируска чалдыгын, 1 миң 467 бейтап көз жумду.