Бир суткада 22 кишиден вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында — 9, Чүй облусу — 4, Талас облусу — 1, Нарын облусу — 2, Ысык-Көл облусу — 4, Жалал-Абад облусу — 2 кишиден вирус табылды.
COVID-19 илдетинен Бишкекте эки бейтап каза болду.
Март айынан бери 86 миң 251 киши вируска чалдыгын, 1 миң 466 бейтап көз жумду.