Бир суткада 83 кишиден вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында — 22, Ош шаары - 3, Чүй облусу — 42, Ош облусу — 4, Ысык-Көл облусу — 10, Баткен облусу — 1, Жалал-Абад облусу — 1 кишиден вирус табылды.
COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында үч бейтап каза болду.
Март айынан бери 85 миң 772 киши вируска чалдыгын, 1 миң 450 бейтап көз жумду.