Бир суткада 70 кишиден вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында — 26, Чүй облусу — 17, Ош облусу — 6, Талас облусу — 2, Нарын облусу — 3, Ысык-Көл облусу — 10, Баткен облусу — 3, Жалал-Абад облусу — 3 кишиден вирус табылды.
COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында бир бейтап каза болду.
Март айынан бери 85 миң 689 киши вируска чалдыгын, 1 миң 447 бейтап көз жумду.