Бир суткада 48 кишиден вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында — 17, Чүй облусу — 12, Ош облусу — 2, Талас облусу — 3, Нарын облусу — 2, Ысык-Көл облусу — 10, Жалал-Абад облусу — 2 кишиден вирус табылды.
COVID-19 илдетинен Чуй облусунда жана Бишкек шаарында бирден бейтап каза болду.
Март айынан бери 85 миң 564 киши вируска чалдыгын, 1 миң 444 бейтап көз жумду.