Бир суткада 41 кишиден вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында — 15, Ош шаары — 3, Чүй облусу — 18, Нарын облусу — 5 кишиден вирус табылды.
COVID-19 илдетинен Чуй облусунда бир бейтап каза болду.
Март айынан бери 85 миң 516 киши вируска чалдыгын, 1 миң 442 бейтап көз жумду.