Бир суткада 70 кишиден вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында — 37, Ош шаары — 1, Чүй облусу — 4, Ош облусу — 4, Талас облусу — 3, Нарын облусу — 4, Ысык-Көл облусу — 11, Жалал-Абад облусу — 4, Баткен облусу — 2 кишиден вирус табылды.
COVID-19 илдетинен Чуй менен Нарын облустарында бирден бейтап каза болду.
Март айынан бери 85 миң 398 киши вируска чалдыгын, 1 миң 439 бейтап көз жумду.