Бир суткада 75 кишиден вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында — 32, Ош шаары — 1, Чүй облусу — 17, Ош облусу — 4, Талас облусу — 2, Нарын облусу — 2, Ысык-Көл облусу — 11, Жалал-Абад облусу — 4, Баткен облусу — 2 кишиден вирус табылды.
COVID-19 илдетинен Ош облусунда бир бейтап каза болду.
Март айынан бери 85 миң 328 киши вируска чалдыгын, 1 миң 437 бейтап көз жумду.