Бир суткада 82 кишиден вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында — 32, Чүй облусу — 32, Ош облусу — 1, Нарын облусу — 2, Ысык-Көл облусу — 12, Жалал-Абад облусу — 1, Баткен облусу — 2 кишиден вирус табылды.
COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында үч бейтап каза болду.
Март айынан бери 85 миң 253 киши вируска чалдыгын, 1 миң 436 бейтап көз жумду.