Бир суткада 42 кишиден вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында — 32, Ош шаары — 2, Чүй облусу — 4, Талас облусу — 1, Нарын облусу — 1, Жалал-Абад облусу — 2 кишиден вирус табылды.
COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында үчөө, Чүй жана Ош облустарында бирден бейтап каза болду.
Март айынан бери 85 миң 113 киши вируска чалдыгын, 1 миң 4310 бейтап көз жумду.