Бир суткада 70 кишиден вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында — 33, Ош шаары — 2, Чүй облусу — 28, Ош облусу — 8, Талас облусу — 2, Нарын облусу — 3, Ысык-Көл облусу — 10, Жалал-Абад облусу — 2 кишиден вирус табылды.
COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында жана Баткен облусунда бирден бейтап каза болду.
Март айынан бери 84 миң 920 киши вируска чалдыгын, 1 миң 420 бейтап көз жумду.