Бир суткада 70 кишиден вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында — 22, Ош шаары - 1, Чүй облусу — 25, Ош облусу - 4, Талас облусу - 1, Нарын облусу - 1, Ысык-Көл облусу — 15, Жалал-Абад облусу — 1 кишиден вирус табылды.
COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында үч бейтап каза болду.
Март айынан бери 84 миң 832 киши вируска чалдыгын, 1 миң 418 бейтап көз жумду.