Бир суткада 59 кишиден вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында — 26, Чүй облусу — 19, Ош облусу — 2, Талас облусу — 1, Нарын облусу — 4, Ысык-Көл облусу — 4, Жалал-Абад облусу — 1, Баткен облусу — 2 кишиден вирус табылды.
COVID-19 илдетинен каза болгондор жок.
Март айынан бери 84 миң 588 киши вируска чалдыгын, 1 миң 412 бейтап көз жумду.