Бир суткада 124 кишиден вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында — 59, Чүй облусу — 51, Талас облусу — 2, Ысык-Көл облусу — 11, Баткен облусу — 1 кишиден вирус табылды.
COVID-19 илдетинен каза болгондордун жаңы учурлары катталган жок.
Март айынан бери 81 миң 512 киши вируска чалдыгын, 1 миң 360 бейтап көз жумду.