Бир суткада 189 кишиден вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында — 65, Чүй облусу — 63, Ош облусу — 13, Талас облусу — 3, Нарын облусу — 3, Ысык-Көл облусу — 24, Жалал-Абад облусу — 10, Баткен облусу — 8 кишиден вирус табылды.
Бишкекте бир бейтап каза болду.
Март айынан бери 80 миң 843 киши вируска чалдыгын, 1 миң 354 бейтап көз жумду.