Бир суткада 162 кишиден вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында — 59, Ош шаарында — 11, Чүй облусу — 42, Ош облусу — 6, Талас облусу — 7, Нарын облусу — 2, Ысык-Көл облусу — 25, Жалал-Абад облусу — 10, Баткен облусу — 0 кишиден вирус табылды.
Бишкекте бир бейтап каза болду.
Март айынан бери 80 миң 535 киши вируска чалдыгын, 1 миң 349 бейтап көз жумду.