Бир суткада 186 кишиден вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында — 62, Ош шаарында — 6, Чүй облусу — 43, Ош облусу — 8, Талас облусу — 5, Нарын облусу — 6, Ысык-Көл облусу — 34, Жалал-Абад облусу — 11, Баткен облусу — 11 кишиден вирус табылды.
Бишкекте эки, Баткен облусунда бир бейтап көз жумду.
Март айынан бери 79 миң 845 киши вируска чалдыгын, 1 миң 340 бейтап көз жумду.