04:52
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Эмне үчүн «Мекеним Кыргызстан» бүткүл кыргызстандыктардын партиясы?

Жөө жомокторду айтпайлы, ачыгын, аныгын айталы.Жашырганда эмне, азыр парламентке алкынып бараткандардын дарты —бийлик. Далайлары элге сиңирген кадырынын, урматынын терең ишеничинин күчү менен эмес, кургак, супсак эмоцияга жык толгон, атаандаштарына карата атасынан калган өчү бардай көрдөн алып жерге, жерден алып көргө чапкан «жалындуу» сөздөрү менен, дагы бирлери аймактык куру намыстын күчүн пайдаланып адамдардын аң сезиминин манипуляциялоо аркылуу жеңишке жетүүнү көздөшүүдө.

Кээ бирлери ачык айта алышпаса да кытмыр эреже менен улуттун, элдин биримдигин бөлгөн пас ыкмаларды да пайдаланып жатышты. Ушундай көрүнүштөрдүн натыйжасында шайлоого бараткан бир топ талапкерлердин жогорудай аракеттери армансыз эле саясатташты. Үгүт учурунда дээрлик далайынын «пафостору» саясий ыргактагы боектор менен гана чектелип турду. Мейли, бул алардын элдин добушун алуунун болгон аракеттери деп коелу. Бирок, той да болот, тойдун эртеси да болот дегендей эртең бул шайлоо да аяктайт. Азыр ошентип адыраңдап жаткандардын, агарып аткан таңга эмес, булутка жашынган күнгө окшогон айрым эргулдардын кыйын экенин, элдин социалдык маселесин шайлоодон кийин кантип чечип берээрин көрөөрбүз. Таарынышпасын, бирок ошондой бийлик «кумарпоздору» үчүн эл, мамлекет, экономика, келечек деген алардын колундагы фишкалары, карталары десек да болот.

Негизинде саясат деген дүңкүлдөгөн куру кыйкырык эмес, оппоненттерин кемсинтип сүйлөгөн кургак сөздөр да эмес! Андайлардын байракка окшогон жалпылдаган «жалындуу сөздөрү» тек добуш алуунун амалы экени акыл-эси бар адамга сопсонун эле көрүнүп турат. Дагы да кайталай кетели, саясат-бул социалдык маселелерди чечүү. Ал эми «Мекеним Кыргызстан» партиясынын жалпы элибиз үчүн жасалчу асыл максаттарында калктын саламатыгына чындап кам көрүү, билим берүү системасын өркүндөтүү, маданият тармагындагы маселелерди жандандыруу сыяктуу социалдык максаттар биздин реалдуу аракетибиз!

Ошондой эле, «Мекеним Кыргызстан» өз программасында айтылгандарды эртеби-кечпи оң натыйжасын бере турган, жакшылык менен жарыкка сугарылган позитивдүү жөрөлгөсүнүн сөзсүз далилдейт! «Мекеним Кыргызстанда» негативдин, кыйроонун күчүнө караганда жаратмандыктын, элдин социалдык маселесин көтөрүүдө көптөгөн позитивдерди жасаарына ишенимдүү басым бар! Ошондуктан, биздин партиянын башкы девизи «Мекеним Кыргызстан» партиясы бардык кыргызстандыктардын партиясы" деп бекеринен эле айткан жокпуз!

Ушуну менен бирге эле, элибизге жасалчу биздин көптөгөн иштерибиздин бири болгон, көпчүлүк жарандарыбыз үчүн көйгөйлүү маселелердин бирден-бири болгон асыл максаттарыбыздын бирин дагы да кайталай кетели. Жашырганда эмне, азыр бюджеттик кызматкерлер, жакыр катмардагы жарандар жана аймактардагы жашоочулар үчүн үй-жайга ээ болуу оңой эмес маселе бойдон калууда. Мамлекеттик ипотекалык компания бул багыттагы жагдайды жакшыртууга аракеттенип жатканы менен, турак жай менен камсыздоо программасы туруктуу каржылоого муктаж болгондуктан үзгүлтүк менен ишке ашууда."Мекеним Кыргызстан" партиясы ар бир кыргызстандыктардын үй-бүлөсүнө көңүл буруп, мугалим жана дарыгерлер үчүн эки жыл аралыгында экиден көп кабаттуу үйлөрдү куруу демилгесин колдойт. Биз муну буюрса иш жүзүнө ашырабыз!

Эми үгүт маалы да аяктап барат. Болоору болду, боесу канды дейли. Бирок, оппонеттерге, шайлоочуларыбызга соңку, өз сөзүбүздү айта кетели. Ал: бир ай аралыгындагы үгүт маалында баары болбосо да бир топ атаандаштарыбыз тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясына карата атайылап көбүртүлүп, жабыртылып, калпты чындай койгулаштырып, өздөрүнүн ооздору менен айта албагандар эч күнөөсүз карапайым адамдардын, а тургай кай бир «маргиналдардын» оозу менен болсо да «Сайракан айтты» дегендей эле божомолдуу урду-соккуларды, эң көп каралоолорду биздин партияга армансыз чачышты. Болгон жагымсыз нерселерди жасаганга аракет кылышты. «Мекеним Кыргызстанга» карата болгон көпчүлүктүн жылуу климатын өзгөрткүлөрү келишти. Буга баарыбыз күбө болдук.

Анын логикасы жөнөкөй эле. Андай аракеттерди «ит күлүгүн түлкү сүйбөйт» деп коет кыргызда. Мындайда чындап эле далайлардын башы маң болуп, коомдун ушакка жакын чөйрөлөрү андан бетер түркүн ойлордун курчоосунда калды. Бул да чындык. Кыскасы, «Мекеним Кыргызстан» партиясына жасалма, атайлап жасалган жалган фарс жакшы эле көбүрүп жабырды. Бул эми алардын адамдык абийринде болсун! Бирок, биз эч кимисинин дарегине, эч бирине асылбадык. Сабырдуулук менен турдук. Жыйынтыгын, кимдин ким экенине 4-октябрда элибиз өз жообун берет деген терең ишенимдебиз! Баарыңарга аманчылык, жакшылык!

«Мекеним Кыргызстан» партиясы ар бир кыргызстандыкка ийгилик каалайт! Сиздин тандоо № 4.

«Мекеним Кыргызстан» партиясы жакшылыктын жарчысы, ийгиликтин башаты!

***

Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү♦ Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү, 109/1, 510-кабинет.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума