17:14
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Тууганбек Чолпонбаев: «Мекеним Кыргызстан» партиясы эл ишенимин актайт

— Кайсы жерде өстүңүз, кайдан билим алдыңыз?

— Түп районунун айылында эле өстүм. 8-класстан кийин спорт багытында билим алайын деп борборго келдим. Окууну аяктагандан кийин айылга келип, машыктыруучу болдум. Кийин бизнес менен алек болдум. Жер иштетем, мал кармайм. Кыскасы, кирешени мал чарбасынан жана айыл чарбасынан табам.

— Эмне үчүн шаардык кеңеште депутат, лидер фракция болуп туруп, Түп районунан депутаттыкка талапкерлигиңизди коюп жатасыз?

— 10 жылдан бери Түп районунан депутат жок. Айылда жүрөктү өйүгөн көйгөйлүү маселелер көп. Орчундуу маселелерди чечкенге көмөктөшөйүн, элимдин турмушунун жакшырышына салым кошоюн деген максатта «Мекеним Кыргызстан» партиясынан шайлоого аттандым. Кудай буюруп депутат болуп калсам, эл үчүн ак дилден кызмат кылам.

— Эмне үчүн «Мекеним Кыргызстан» партиясын тандап алдыңыз?

-Биринчиден, «Мекеним Кыргызстан» жаңы партия. Экинчиден, бул партияда илимге, билимге сугарылган жаштар көп. Үчүнчүдөн, партиянын командасы күчтүү. Төртүнчүдөн, партиянын лидерлери «Исмаил Ата» фондун каржылап, кандай кырдаал болбосун карапайым элге көп көмөк көрсөтөт. Бешинчиден, акчаны эмес, мамлекетти жогору коюшат. Ошон үчүн ушул партияга токтолдум.

— Депутат болуп калсаңыз кайсы маселенин алкагында иш кыласыз?

— Боло электе аны кылам, муну кыйратам дегенден алысмын. Кудай буюруп депутат болуп калсам, Кыргызстандын өнүгүшүнө, мамлекетти кризистен чыгарууга, Ысык-Көлдө туризмди өнүктүрүүгө болгон аракетимди жумшайм. Жолдорду оңдотуп, айылды көтөрүп, айыл чарбасын, мал чарбасын өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүгүмдүн жетишинче аракет кылам.

— Бир нече сааттардан кийин үгүт иштери токтойт, калооңуз барбы?

— Менин калоом биздин партияга ийгилик, Кудай колдосун! Элибиз аман, журтубуз тынч болсун. Жараткандын көзү бизге түз болсун!

Урматтуу шайлоочулар, 4-октябрда 4-катардагы «Мекеним Кыргызстан» партиясына добуш бериңиз. Биз элдин ишеничин актап, чын дилибизден иштеп беребиз.

***

Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү, 109/1, 510-кабинет.

Эң көп окулган жаңылыктар