07:33
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

№ 4 Сиздин тандоо! «Мекеним Кыргызстан» кыргыз элине ыраазылык билдирет

Урматтуу кыргызстандыктар! «Мекеним Кыргызстан» партиясы парламенттик шайлоого карата жеңишке жетелеген ишенимдүү жолду басып өттү. Бул аралыкта сиздерден реалдуу колдоону сездик, сиздер бизге күч-кубат, үмүт бердиңиздер. Биз сиздер менен бирге Кыргызстаныбызды чындап өзгөртүп, ар бирибиз үчүн ыңгайлуу жана жайлуу өлкөгө айланта аларыбызга ишенебиз.

Эч ким идеалдуу эмес, бирок биздин оюбуз ак! Атаандаш саясий күчтөр менен саясатчылардын ар кандай жалаасы, кара пиары менен чагымына карабастан биз өлкөнү өнүктүрүп, социалдык багыттагы күчтүү мамлекет кура аларыбызды далилдедик. Шайлоо алдында биздин партия парламентке келсе бир канча айда эле жакшы жакка карай реалдуу өзгөрүүлөрдү көрө аларыңызга дагы бир жолу кепилдик беребиз. Биз кайталанма функциялардан арылган, эффективдүү иштеген өкмөттү түзөбүз.

«Мекеним Кыргызстан» партиясы өлкөнү өнүктүрүү үчүн кайсы бир маселелерде көз караштары жана позициялары дал келбеген саясий күчтөр, саясатчылар менен да конструктивдүү диалогго жана кызматташууга даяр. Биз алдуу-алсыз, бай-кедей, акылдуу же башка деп бөлүнбөй, эгер максат-тилектерибиз дал келсе бирге иштешүүгө даярбыз. Бул — күчтүү, экономикасы өнүккөн мамлекет куруунун бирден-бир ишенимдүү жолу. Биз курулай убада берип, популисттик сөздөрдү айтпаганыбызды иш жүзүндө далилдейбиз. Кыргызстан буюрса региондо реформалардын локомотиви болушу керек.

«Мекеним Кыргызстан» партиясы элибизге, ар бир үй-бүлөгө, ар бир жаранга бакубат жана бейпил жашоо каалайт.

Элибиздин, өлкөбүздүн эртеңи сиздин колуңузда, ошондуктан 4-октябрда 4-номерди тандаңыз!

Урматтоо менен, «Мекеним Кыргызстан» партиясы.

«Мекеним Кыргызстан» — ар бир кыргызстандыктын партиясы.

«Мекеним Кыргызстан» партиясы ар бир кыргызстандыкка ийгилик каалайт! Сиздин тандоо № 4.

«Мекеним Кыргызстан» партиясы жакшылыктын жарчысы, ийгиликтин башаты!

***

Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү, 109/1, 510-кабинет.

Эң көп окулган жаңылыктар