00:54
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Виктор Иванов: «Мекеним Кыргызстан» өз убагы келгенде эл ишенимине ээ болот

Маектешибиз юстициянын полковниги Иванов Виктор Геннадьевич 1964-жылы 22-мартта Фрунзе шаарында туулган. Жогорку билимдүү. Биринчи класстагы юстициянын кеңешчиси.

Иванов Виктор эмгек жолун 1990-жылы Кара-Балта шаарына караштуу Калинин районунун прокуратурасына катардагы кызматкерликтен баштаган. Бир жылдан кийин прокурордун жардамчысы болгон. 6 жылдан кийин тергөө бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалаган. Тагыраагы, 1990-жылдан 2000-жылга чейин Калинин району, Жайыл району, Чүй облусунун прокуратурасы тармагында эмгектенип, прокурордун орун басарлык кызматына чейин жеткен. Андан кийин президенттин аппаратындагы консультант жана эксперт болуп 3 жыл иштеген. 2003-2004-жылдары Башкы прокуратурада эмгектенген. 2004-2005-жылдары Бишкек прокуратурасында, андан кийин Свердлов прокуратурасында жана транспорт прокуратурасында прокурор болуп иштеген. 2008-2009-жылдары шаардык прокуратурада бөлүм башчылык кызматты аркалап, кийин Ысык-Көл облустук прокуратурасында прокурор болгон. 2010-жылы Башкы прокурордун орун басары, 2011-жылы Аскер прокуратурасынын орун басар болгон.

— Виктор Геннадьевич, Кудай буюруп, мандатка ээ болуп калсаңыз ишти эмнеден баштайсыз?

— Ишти мыйзам жазуудан баштайм. Тагыраагы, чийеленишкен маселелерди чечүүнү жолго салган мыйзамдарды жазам. Ошондой эле бир канча мыйзамга өзгөртүү жана толуктоо киргизем. Анткени депутаттын эң негизги милдети мыйзам жазуу экенин билем. Буюрса, мыйзам жазууда камчы салдырбайм. Элимдин турмушун жеңилдеткен, эффективдүү иштөөгө шарт түзгөн мыйзамдарды жазам деген ниетим бар.

— Прокуратура тармагында көп жыл эмгектенипсиз. Эмне үчүн «Мекеним Кыргызстан» партиясына токтолдуңуз?

— Мен партиянын программасын окуп мекендин жүгүн, элдин жүгүн көтөрөм, турмушун жеңилдетем деген аракет менен жазылган программа экенине ынандым. Ар бир тармак боюнча маселе көтөрүлүп, кайра аны чечүүнүн жолун сунуштагандарына ыраазы болдум. Команданын күчтүүлүгүн, санга эмес, сапатка маани бергенин көрүп ишеним пайда болду. Ойлонуп, толгонуп отуруп парламенттик шайлоого «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен барайын деген чечим кабыл алдым.

Урматтуу шайлоочулар, «Мекеним Кыргызстан» партиясы мекенди сөз менен эмес, иш менен сүйөрүн далилдейт. Берген убадаларын аткарат. Элдин үмүтүн актайт деп ишенем. Ошон үчүн саналуу күндөрдөн кийин тагдыр чечүүчү мүнөттө 4-номурдагы «Мекеним Кыргызстан» партиясына добуш бериңиз.

Парламенттик шайлоо ачык жана таза өтүүсүн колдойбуз. «Мекеним Кыргызстан» — ар бир кыргызстандыктын партиясы!

***

Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү, 109/1, 510-кабинет.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума