Беш күндөн бери Чүй облусунун Жайыл районундагы Сары-Булак айылындагы каналга түшуп кеткен кыз изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдайт.
Алардын билдирүүсүндө, үч жашар кыз 26-августь күнү каналга түшүп кеткен.
Аны издөө үчүн Жайыл райондук № 22 Өрт-куткаруу кызматынан 13 куткаруучу тартылган. Учурда издөө иштери уланууда.