Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Саламаттыкты сактоо боюнча өзгөчө кырдаалдар тармагынын директору Майкл Райан коронавируска каршы вакцинанын качан даяр болорун айтты. Ал бул тууралуу уюмдун Twitter каналынын берүүсүндө жарыялады.
Майкл Райандын айтымында, бул 2021-жылдын биринчи жарымына чейин созулушу мүмкүн. Эксперт вакцинанын өнүгүүсүндө жылыштар бар экендигин белгиледи.
Ошондой эле ал Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму вакцинаны дүйнөнүн бардык бурчуна жеткиликтүү болушу үчүн иштеп жаткандыгын баса айтты.
«Бул пандемияга каршы вакцина байлар үчүн же кедейлер үчүн деп бөлүнбөйт, бул бардыгы үчүн жеткиликтүү», — дейт ал сөзүнүн соңунда.

