Кыргызстанда өткөн суткада 46 адам коронавирус жана пневмониядан каза тапты. Бул тууралуу брифингде Саламаттыкты сактоо министринин өкүлү Айнура Акматова билдирди.
Кайтыш болгондордун жетөө вирустан, 39у пневмониядан көз жумду.
Алардын 13ү Бишкек шаарында, Жалал-Абад облусунда — 6, Чүйдө— 6, Ысык-Көлдө — 5, Ош облусунда-5, Нарын облусунда −4, Ош шаарында-3, Таласта-2, Баткен −2.
Марттан бери коронавирус жана пневмониядан 1 миң 169 киши көз жумду.

