Кыргызстандагы ооруканаларда 12 миң 563 бейтап коронавирус жана пневмониядан дарыланууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова брифингде билдирди.
Алардын 6 миң 325ине пневмония диагнозу коюлса, 6 миң 238инен вирус аныкталган.
Бишкек шаарында — 2 миң 858, Ысык-Көл облусунда — 668, Ош облусунда — 549, Чүй облусунда — 546, Жалал-Абад облусунда — 534, Талас облусунда −343, Нарын облусунда — 264, Баткен облусунда — 173, Ош шаарында — 120.

