Шанхай эл аралык кино фестивалында Кыргызстандын дароо эки тасмасынын дүйнөлүк премьерасы болот. Бул тууралуу Кыргызфильм маалымдады.
Белгилүү боллгондой, режиссер Артык Сүйүндүковдун «Шамбала» аттуу тасмасы Spectrum-Alternatives программасына тандалып алынган. Тасма 25, 26 жана 31-июлда көрсөтүлөт.
Режиссер Эмиль Атагелдиевдин «Көл» тасмасы кинофестивалдын расмий программасына «Азиянын жаңы таланттарынын сынагы» номинациясында тандалып алынган. Тасманын премьерасы 29-июлда болот.
Шанхайдын тургундары фестивалдын бардык тасмаларын кинозалдардан көрө алышат, бирок коронавирус пандемиясынан улам бул жылы чет элдик бардык катышуучулар фестивалга катыша алышпайт.