11:08
USD 87.44
EUR 102.52
RUB 1.10

Бишкекте июлдун биринчи жарымында 1 миң 323 пневмония катталды

Бишкек шаарында акыркы эки аптада 1миң 323кө пневмония катталды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы билдирет.

Борбор калаанын мэриясы кабарлагандай, быйыл июнь айында жардам сурап кайрылгандар арасынан жалпысынан 97 адамга пневмония деген диагноз коюлган.

1-июлдан бери 1323 адамга пневмония, 57 адамга коронавирус деген диагноз коюлуп, 840 адам ооруканага жаткырылды.

Июнь айында 5 миңден ашуун адамга ыкчам жардам көрсөтүлүп, 97синен пневмония, 325инен коронавирус табылган жана 1611 адам ооруканага жаткырылган.

Март айынан бери Кыргызстандын ооруканаларында, расмий эсеп боюнча, пневмониядан 612, коронавирустан 167 адам кайтыш болду. Клиникаларда орун жок болгондуктан көбү үйүнөн дарыланып, каза болуп жатышканы тууралуу кабарлар социалдык түйүндөргө жарыяланууда.

Эң көп окулган жаңылыктар