11:08
USD 87.44
EUR 102.52
RUB 1.10

Жаңы сатып алынган тез жардам унааларынын баасы түшүндүрүлдү

Тез жардам кызматынын жаңы унааларынын жабдуулары пандемия учурунда жардам берүүгө ылайыкташкан. Бул тууралуу Бишкектин ыкчам медицина борборунун реанимация бөлүмүнүн жетекчиси Егор Борисов билдирди.

Анын айтымында, алгач Бишкек шаарына Ford, Жалал-Абад жана Ош облустарына «Соболь» сатып алуу пландаштырылган.

«Унаа пандемия учурунда сатылып алып жаткандан кийин андагы жабдууларга көңүл бөлүндү. «Соболь» унаасында кислороддук концентратор, Ford — ИВЛ бар. Андан тышкары, эң кымбат делген дефибриллятор орнотулган. Бул унааларда эң оор абалдагы бейтаптарга жардам көрсөтө алабыз», — дейт Егор Борисов.

Белгилей кетсек, Саламаттыкты сактоо министрлиги Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму бөлгөн акчага 13 тез жардам унаасын сатып алды. «Соболь» машинасынын баасы 49 миң доллардан, ал эми 3 Ford 90 миң доллардан сатып алынды.

Эң көп окулган жаңылыктар