11:11
USD 87.44
EUR 102.52
RUB 1.10

Жалал-Абадда ооруканадан чыгарылган бейтап эртеси каза болду

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын тургуну ооруканадан чыгарылдан эртеси үйүндө набыт болду. Бул тууралуу аймактык ооруканадан кабарлашты.

1947-жылы туулган киши инсульт алып, андан вирус дагы таксыкталган.

Анын 16-июлда ооруканадан чыгарышкан. Эртеси үйдө кислороддук концентратордун баллонун алмаштырып жаткан кезде, эс учун жоготуп, көз жумган.

Облуста 801 киши вирус жуктуруп, анын 12си көз жумду.

Эң көп окулган жаңылыктар