20:59
USD 87.42
EUR 102.87
RUB 1.12

Хизб ут-Тахрир диний экстремисттик уюмунун мүчөсү кармалды

УКМКнын кызматкерлери тыюу салынган «Хизб ут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунун мүчөсүн кармашты. Бул тууралуу УКМКнын пресс-кызматы маалымдады.

Кылмышка шектүү адам жаңы мүчөлөрдү жалдоого жана Бишкектеги диний-экстремисттик уюмдун деструктивдүү идеологиясын жайылтуу менен алектенгендиги аныкталган.

Кылмышка шектүү КМШ өлкөлөрүнүн биринде өзгөчө оор кылмыш жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн. Ал УКМКнын тергөө абагына камалды.

Эң көп окулган жаңылыктар