«Айыл чарбасын каржылоо — 8» долбоорунун алкагында фермерлер 3 миллиард 765 миллион сомго 7 миң 459 жеңилдетилген насыя алышты. Бул тууралуу Каржы министрлиги кабарлады.
Анын ичинде өсүмдүк өстүрүү үчүн 388,3 миллион сомго 1 миң 173 жеңилдетилген насыя, мал чарбачылыгына 2 миллиард 435,8 миллион сомго 6 миң 124 насыя, кластерге 185,2 миллион сомго 81 насыя берилген. Мындан тышкары, кайра иштетүү үчүн 391,9 миллион сомго 70 насыя, тегирмендерге 363,8 миллион сомго 11 насыя берилген.